“Аалам сырлары” көрсөтүүсү боюнча КТРКнын директору Кубат Оторбаев менен сүйлөштүм. Батыштын баарын эле туурай бергенибиз болбойт”,- деп билдирди ЖКнын 23-январдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков. Төрага аталган көрсөтүү кыргыздын менталитетине туура келбейт деп эсептейт.
“Баарын эле туурай бергенибиз жарабайт. Балдарыбыздын келечеги үчүн пайдалуу көрсөтүүлөрдү көбөйтүшүбүз керек”,- деп билдирди төрага.
Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйында депутат Турсунбай Бакир уулу аталган көрсөтүүнү токтотуу сунушун айтып чыккан эле.