Биз социалдык тармакта

Таймурас, мурдагы чекист... Бакыт Төрөбаевдин телефондук сүйлөшүүсүндө кимдерге айыптоолор айтылды?

Социалдык тармактарда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин Эркин аттуу адам менен телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тарап жатат.

Анда Төрөбаев менен сүйлөшкөн адам УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас заводду тартып алды деп айтканын угууга болот. Ал жер тилкесин эле сатканын белгилеп, заводду бузуп кетүү пландалганын кошумчалайт. Ошондой эле аудиожазууда саламаттык сактоо министри, мурдагы чекист Каныбек Досмамбетовдун да аты аталды. Министр менен сүйлөшкөн адам өзү АКШда жүргөнүн айтат.

Аудиожазууну тараткандар Бакыт Төрөбаев бул иштен кабардар болгону менен аны жашырып келген деген кине коюшууда.

Буга чейин аудиожазуунун үзүндүсү чыккан болчу.

Бакыт Төрөбаевдин үн жаздыруусунда кимдерге айыптоолор айтылды?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2026-02-23 16:33:00
Калктын турмушу оңолушу үчүн, биринчи бийликтин абийири оңолушу керек. Жарандардын мүлкүнө сук арткан аткаминер - согуштагы чыккынчыдан да коркунучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан