“Кыргызстанда мурда ички дүң продукциясынын 0,12 пайызы илимди өнүктүрүүгө бөлүнүп келсе, эми 0,08 пайыз болуп төмөндөп кетти. Бул ойлондура турган нерсе. Япония, АКШ, Кытай, Европа мамлекеттери илимге ИДПнын 2-4 пайызын бөлөт”. Муну 22-январда депутат Каныбек Осмоналиев “Парламент” радиосундагы түз байланышта айтты.
Айтымында, ушул жылдын 11-февралында илимди өнүктүрүү маселелери боюнча парламенттик угуу өтөт. Ал илим тармагындагы чар жайыт саясатты иретке салууга багыт бермекчи.