Бүгүн, 23-январда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды.
Коргоо кеңешинин катчысы өлкө башчысына Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү кырдаал боюнча Коргоо кеңешинин отурумуна даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Ал эми Алмазбек Атамбаев диний чөйрөдө түзүлгөн кырдаалды жакшыртууга багытталган конкреттүү чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгын баса белгиледи.
Отурум 2014-жылдын 3-февралында болот. Ага укук коргоо органдарынын, диний жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылган.