Биз социалдык тармакта

Эпштейн менен байланышы бар Улуу Британиянын мурдагы элчиси кызматтан бошотулду

Америкалык финансист Жеффри Эпштейн менен байланышы бар делген Улуу Британиянын АКШдагы мурдагы элчиси Питер Мандельсон күрөөгө бошотулганын чет элдик басылмалар жазышууда.

72 жаштагы мурунку аткаминер тергөөнүн жыйынтыгына чейин күрөөгө бошотулган.

Белгилей кетсек, Мандельсон 23-февралда Лондондо кармалган. Ага кандай дооматтар коюлууда?

Мандельсон бардык айыптоолорду четке кагууда. Ал 2025-жылдын сентябрь айында Эпштейн менен байланышы үчүн элчи кызматынан бошотулган.

Мандельсондун айынан Улуу Британиянын премьер-министринин аппарат башчысы Морган Максуини кызматынан кетти. Ал эле эмес өлкөнүн өкмөт башчысына да таасирин тийгизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан