Социалдык тармактарда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин кызматтан кеткени тууралуу маалыматтар чыгууда.
Бирок, азырынча расмий билдирүү жасала элек. Андыктан тараган маалыматтардын чын-төгүнү белгисиз.
Буга чейин социалдык тармактарда Бакыт Төрөбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Төрөбаев менен сүйлөшкөн адам Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев заводду тартып алганын айтканын угууга болот. Аудиодо саламаттык сактоо министри, мурдагы чекист Каныбек Досмамбетовдун да аты аталган.
Төрөбаев өзү бул боюнча комментарий берип, өзү менен сүйлөшкөн адам иниси экенин ачыктаган.