Биз социалдык тармакта

Министр Төрөбаев талкуу жараткан аудио боюнча түшүндүрмө берди

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарга тараган аудиожазуу боюнча "Азаттыкка" түшүндүрмө берип, өзү сүйлөшкөн адам бир тууган агасы Жолдошалинин уулу Эркин Төрөбаев экенин тактады.

Төрөбаев ага УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, Манас шаарындагы "Барселона" академиясынын жанында инисинин жер тилкесин арзаныраак сатууга көндүрүп берүүсүн суранганын белгилеген.

Министр бирок иниси менен көп байланышта болбогондуктан бир тууган агасы менен сүйлөшкөнүн билдирген.

"Агама "Эркиндин жери бар экен, сатып алабыз деп жатышыптыр, байланыштырып коёсузбу" деп айткам. Андан ары жер канчага сатылганы же кандай соодалашуу болгону боюнча кызыккан эмесмин. Жакында Эркиндин айрым мүлктөрү кимдир-бирөөлөр тарабынан тартып алынганы тууралуу сөздөрдү угуп калдым. Чын-төгүнүн билүү максатында өзүнө телефон чалып, тактоочу суроолорду гана бергем",- деди Төрөбаев.

Ал сүйлөшүү туугандык деңгээлде болгонун белгилеп, аудиожазууну саясий максатта пайдаланбоону өтүндү.

Айта кетсек, 23-февралда социалдык тармактарда Бакыт Төрөбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Төрөбаев менен сүйлөшкөн адам Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев заводду тартып алганын айтканын угууга болот. Аудиодо саламаттык сактоо министри, мурдагы чекист Каныбек Досмамбетовдун да аты аталган.

Бул боюнча Таймурас Ташиев да түшүндүрө берди. Коомчулукта бул аудио кызуу талкуу жаратууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан