Соцфонд 2014-жылдын январь айында республика боюнча пенсия жана жөлөк пул берүү үчүн 2 миллиард 659,4 миллион сом бөлдү. Өткөн жылы январда бул багытка 2 миллиард 412,8 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу 23-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаары боюнча пенсия жана жөлөк пулдарды берүүгө 2014-жылы январь айында 430,7 миллион сом багытталды (2013-жылы дал ушул айда 399,8 миллион сом багытталган).
Чүй облусуна – 423,7 миллион сом (389,4 миллион сом), Нарын – 223,3 миллион сом (201,6 миллион сом), Ысык-Көл – 245,3 миллион сом (222,2 миллион сом), Талас – 108,3 миллион сом (97,9 миллион сом), Ош – 487,6 миллион сом (439,4 миллион сом), Баткен – 209,3 миллион сом (187,5 миллион сом), Жалал-Абад – 435,7 миллион сом (388,4 миллион сом) жана Ош шаарына аталган төлөмдөр үчүн быйыл 95,5 миллион сом (өткөн жылы 86,6 миллион сом) бөлүнгөн.