“Кумтөр” маселесин элдик референдумга алып чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Муну парламенттин 23-январдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтты. Депутат “Кумтөр” боюнча эл 2 нерсеге добуш берсе болот.
“Биринчиси “Кумтөрдөгү” кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайыз кылууга калк макул же каршы добуш берет. Экинчиси өкмөт сунуштаган макулдашууга элдин макул же каршы экенин билсек болот”,- деди депутат.
Айта кетсек, жыйында “КРнын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору талкууланып жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, кайсы бир маанилүү маселени референдумга чыгарууга Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана 10 миң жаранга укук берилет. “Мурдагыдай президент өзүнүн жарлыгы менен кайсы бир маселени референдумга чыгара албайт. “Референдумга чыга турган бардык маселени Жогорку Кеңеш чечет. Эгер 10 миң жаран кайсы бир маселени референдумга чыгарууну сунуш кылып мыйзам долбоор даярдаса, аны жалпы элдик добуш берүүгө чыгарууну депутаттар чечет”,- деди Төрөбаев.