Биз социалдык тармакта

Казакстанда атайлап ВИЧ жугузууга шектелип эки жигит кармалды

Казакстанда ВИЧ илдетин билип туруп, атайын башкаларга жайылтууга шектелип 23 жана 28 жаштагы эки жигит кармалды.

Полиция маалыматына караганда, шектүүлөр өз илдеттерин 2025-жылдын декабрынан бери билишкен жана медициналык көзөмөлдө турушкан. Ага карабастан жалданма интимдик кызмат көрсөтүүнү улантышкан.

Бул факт боюнча "Өзүнүн ВИЧ-инфекциясы бар экенин билип туруп, башка адамга жугузуу" деген берененин негизинде кылмыш иши козголду. Максималдуу жаза 10 жылга чейин эркинен ажыратуу болушу мүмкүн.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан