Биз социалдык тармакта

Атыраудагы жубайлардын өлүмү: Шектүү Индонезиядан кармалды

Казакстандын Атырау облусунда жашаган жубайлардын табышмактуу өлүмүнө шектелген жаран Индонезиядан кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги маалымдады.

Шектүү Индонезиянын Ломбок аралында атайын операция учурунда кармалган. Аны менен кошо буга чейин дайынсыз жоголгон мурдагы жубайы да табылган. Тергөө версиясына ылайык, кылмыш алдын ала пландалган болушу мүмкүн. Учурда алар Казакстанга депортацияланууда.

25-декабрда полицияга жубайлар жана алардын үй-бүлөсү дайынсыз жоголгону тууралуу кайрылуу түшкөн. 6-январда алардын сөөгү өз үйүнүн сарайынан табылып, 8-январда Жангелдин айылында жерге берилген. Уул-кыздары Наурыз менен Мирамгүл азырынча табыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан