20-январда Ош облусунун мусулмандар казыятынын апталык жумушчу жыйыны болуп өттү. Жыйынга бардык райондордун баш имам хатиптери катышты. Күн тартибинде облус аймагындагы райондордун бардык мечиттеринде жана медреселеринде китепканаларды уюштуруу боюнча демилге көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда КМДБнын басма сөз кызматы билдирди.
Демилгенин максаты, мечитке келген мусулмандардын билим деңгээлин жогорулатуу, китеп окууга үндөө жана диний агартууну колго алуу болуп эсептелет. Жыйындын бардык катышуучулары аталган демилгени толук колдоого алышты. Облустук казыятка караштуу мечиттерде уюшула турган китепканаларга негизинен Курани Карим, Тажвид, Намаз үйрөнүү, Шарияттык зарыл маселелер, Мазхабдар (Агымдар) тарыхы, айлык жана апталык чыгып жаткан илимий жана диний багыттагы гезит-журналдардын коюлуусу сунушталды.
Мечиттерди китеп менен камсыздоо үчүн атайын акция уюштуруу керек экендиги баса белгиленди. Ошондой эле мечитке келген жамааттын билим деңгээлин жогорулатуу, китептерди таанытуу жана үйрөтүү боюнча атайын мударистер менен камсыздоо жагы да күн тартибинде каралды. Каралган маселелер тууралуу атайын буйрук кабыл алынды. Ошондой эле бул иштин аткарылуусун көзөмөлдөө казынын жардамчыларына жүктөлдү.