Биз социалдык тармакта

Кыргызча ыр аткарган чет өлкөлүк балдар Кыргызстанга салам жолдошту (видео)

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын аткаруусундагы “Аттиң ай” ырына бийлеп, ырдаган Moriox Kids тобунун жаш таланттары Кыргызстанга салам жолдошту.

Учурда популярдуулукка ээ болуп жаткан чет өлкөлүк бийчи балдар кыргыз ырын дүйнөгө таанытууга салым кошо турганын билдиришти.

"Салам, Кыргызстан! Биз Кыргыз эли менен музыка аркылуу таанышканыбызга абдан кубанычтабыз. Биз сиздердин маданиятыңыздарды жана керемет өлкөңүздөрдү дүйнөгө тааныткыбыз келет. Бизге кошулуп, биз менен бирге болуңуздар. Кыргыз элине чоң рахмат!",- деп билдирүү калтырышкан алар.

Белгилей кетсек, Moriox Kids - Руанданын баш калаасы Кигалиден чыккан бийчилер тобу. Топ ар кандай бийлерди аткарып, социалдык тармактарга видео жарыялап, дүйнө жүзү боюнча аудиториянын көңүлүн өзүнө буруп келет.

Кыргызча ыр аткарган чет өлкөлүк балдар Кыргызстанга салам жолдоду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан