Украинанын президенти Владимир Зеленский балдары үчүн эң жакшы ата боло албай жатканын айтты. Бул тууралуу ал Sky News телеканалына берген маегинде билдирген.
"Чыр-чатактын учурунда мен эң жакшы ата боло алган жокмун. Менде өзүмдүн балдарыма дагы убакыт жок",- деген Зеленский.
Ошондой эле Украинанын лидери өлкөсүндөгү аскердик жаңжал анын жеке жашоосуна да терс таасирин тийгизгенин кошумчалаган.