"Токойчулар "айлыгыбыз аз" деп мыйзамсыз жол менен карагай сата бербеши керек",- деди ЖКнын депутаты Анарбек Калматов бүгүн, 23-январда "Парламент" радиосундагы түз байланышта. Айтымында, токойчулар ишке кирерде айлыгы 2 миң сом экенин билип туруп иштөөгө макул болот.
"Мамлекет токойчулардын айлыгын көтөрүп туруп, анан алардан таза иштөөнү талап кылса жакшы болмок. Бирок токойчулар айлыктын аздыгынан токойлордун кыйылышына көз жумбашы керек",- деди депутат.