Ысык-Көлдүн "Ак шыйрак" чек ара тилкесиндеги окуяда "2 токойчунун башын кесип кетиптир" деп жатышат",- деп билдирди парламенттин 23-январдагы жыйынында депутат Талант Узакбаев. Айтымында, аталган аймак буга чейин кароосуз калып келген.
"Ак шыйрак" аймагына буга чейин эч ким көңүл бурган эмес. Окуя болгон жерге жетүүгө көпүрө керек. Кошумча күчтөр кетти дешти. Алар көпүрө жок кантип жетет?"- деди депутат.
Вице-премьер-министр Токон Мамытов суу тоңуп калганын, баргандар муздун үстү менен өтө турганын билдирди.