Биз социалдык тармакта

Ирандын экс-президенти Махмуд Ахмадинежаддын каза болгону тууралуу кабар төгүндөлдү

Ирандык маалымат каражаттары мурдагы президент Махмуд Ахмадинежаддын каза болгондугу тууралуу кабарды төгүндөштү. 1-мартта ILNA агенттиги Ахмадинежад АКШ жана Израил тарабынан Тегеранга жасалган соккулардын натыйжасында набыт болгон деп жазып, кийинчерээк бул кабар агенттиктин сайтынан өчүрүлгөн.

Агенттиктин маалыматына караганда, Ахмадинежад Нармак районундагы резиденциясында болгон. Иран бийлиги кабарды расмий ырастаган жок.

Ахмадинежад 2005-2013-жылдары Ирандын президенти болгон. Ага чейин Ардебил провинциясынын губернатору жана Тегерандын мэри кызматтарын аркалаган. Президенттиктен кеткенден кийин Жогорку лидерге караштуу кеңештин мүчөсү болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан