Чүй облусу боюнча өкмөт өкүлүнүн милдетин аткаруучу болуп Туратбек Жунушалиев дайындалды. Буйрукка бүгүн, 23-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
Эске салсак, Туратбек Жунушалиев буга чейин Чүй облусундагы өкмөт өкүлүнүн орун басары болуп келген. Ал эми Чүй облусундагы өкмөттүн мурдагы өкүлү Кубанычбек Кулматов 15-январда Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.