Moriox Kids тобунун жаш таланттары бул жолу "Ak Orgo City" командасынын "Дык-Кын-Дыш" ырына бийлеп, трендди аткарышты. Мындай видео аталган топтун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган.
Анда бийчи балдар кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууну көздөй тургандыктарын билдиришкен.
"Кыргызстанды сүйгөндөр, кыргыз музыкасын дүйнөгө жайылтуу үчүн бизге кошулуңуздар",- деп билдирүү калтырган аталган бий тобу.