
Германия АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушуна катышпайт. Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри
Йоханн Вадефуль Deutschlandfunk радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Улуу Британиядан айырмаланып, Германиянын согуш болгон аймакта аскердик базалары жок.
"Германия өкмөтү бул аскердик аракеттерге катышпайт. Бизде мындай операцияларга катыша турган аскердик мүмкүнчүлүктөр да жок. Германия бул кырдаалга эч кандай катышууну көздөбөйт",- деп билдирди Вадефуль.
Ошондой эле ал эгер немис аскерлерине кол салуу болсо, алар өздөрүн коргой аларын айтты. Бирок мындан башка кошумча чараларды Берлин көрбөй турганын баса белгиледи.