Ирандын учукучсуз учагы "Saudi Aramco" компаниясына таандык мунайды кайра иштетүүчү заводго сокку урганы кабарланды. Окуя Рас-Танура шаарында болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.
Түркиялык Sözcü гезити да дрон чабуулу тууралуу маалымат таратты. Reuters агенттиги тармактагы булагына таянып билдиргендей, соккудан кийин компания Рас-Танурадагы мунайды кайра иштетүүчү заводунун ишин убактылуу токтоткон. Заводдо иштин токтотулганы тууралуу Bloomberg да өз булактарына таянып кабарлады.
Маалымат үчүн: Saudi Aramco - Сауд Арабиясынын улуттук мунай компаниясы жана дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчү ишкана. Компания падышалыктын бюджетинин 80 пайызга чейинки кирешесин камсыздайт. Башкы кеңсеси Дахран шаарында жайгашкан.