Улуу Британиянын падышасы Карл III уулу ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Марклга 30 бөлмөдөн турган резиденцияны пайдаланууга сунуш кылганы маалымдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, бул сунуш падышалык үй-бүлө менен Сассекс герцогдору ортосундагы мамилени жакшыртуу аракети катары бааланууда. Резиденция Улуу Британия аймагында жайгашканы айтылууда, бирок расмий дареги такталган эмес.
Азырынча ханзаада Гарри менен Меган Маркл бул сунуш боюнча коомчулукка расмий жооп бере элек. Падышалык сарай да маалыматты толук ырастай элек.