Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы 5-8-март аралыгында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.
"Жолугушуу 5-8-март күндөрү, болжол менен 5-6-мартка белгиленген. Ал Абу-Даби шаарына пландалган. Бүгүнкү кырдаалдан (ред.: Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү абал) улам биз жолугушуу Абу-Дабиде болорун азырынча тастыктай албайбыз. Ошентсе да аны эч ким жокко чыгарган жок”, - деген Зеленский.
Анын айтымында, жолугушуу Абу-Дабиден тышкары Түркия же Швейцарияда болушу ыктымал. Ошол эле учурда ал буга байланыштуу өнөктөштөрүнүн жообун күтүп жатканын белгилеген.