Түштүк Судандын түндүгүндөгү Абиемном аймагында куралдуу чабуулдун натыйжасында 80ден ашык жаран каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү администрациянын маалымат министри Рувенг Жеймс Монилуак Миджок билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын маалыматына ылайык, курмандыктардын арасында аялдар, балдар жана кары-картаңдар бар. 50 адам жаракат алган.
Чабуул 1-мартта эртең менен башталып, үч-төрт саатка созулган.