Биз социалдык тармакта

Дубай эл аралык аэропорту рейстерин калыбына келтирди

Дубай эл аралык аэропорту бүгүнкү күндө алгачкы жүргүнчү учагын учурду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги авиадиспетчерлердеги булакка таянып жазып чыкты.

"Борт Самаркандга учту, бул бүгүнкү күндөгү биринчи рейс", — деп маалымдады агенттик менен сүйлөшкөн булак.

Мындан бир нече саат мурун шаар бийлиги Дубай аэропорттору 2-март күнү кечинде ишин калыбына келтирерин билдирген. Бирок рейстердин саны чектелген. Жүргүнчүлөргө авиакомпаниядан түз кабар албаса, аэропортко барбоого кеңеш берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан