Талант Исаев: "Жол-кайгуул кызматына жазында Түркиядан 100 мотоцикл, 50 радар келет"

Кыргызстандын Жол-кайгуул кызматына жазында Түркиядан 100 мотоцикл келет. Муну парламенттин 23-январдагы жыйынында Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаев билдирди. Айтымында, буга чейин аталган өлкөдөн 60 алкотестер алынып келинди.
"Мурда айдоочунун спирт ичимдигин ичкенин кагазга үйлөтүп гана билчүбүз. Учурда өлкөдө 60 алкотестер иштеп жатат. Сүйлөшүү жүрүп жатат. Жазында 100 мотоцикл, 50 радар жана эвакуатор унаалары алынып келинет",- деди Исаев.
Төрага Асылбек Жээнбеков жыйында олуттуу маселе каралып жатканын айтты. "Кыргызстанда 10 жылдын ичинде 13 миң адам жол кырсыгынан каза тааптыр",- деп залда сүйлөшүп жаткан депутаттарды тынчтыкты сактоого чакырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан