Биз социалдык тармакта

Трамп Иранды ким көзөмөлдөй турганы жакында белгилүү болорун айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды ким көзөмөлдөй турганы жакында белгилүү болорун айтты.

"Жакында билесиңер",- деди ал News Nation телеканалына берген маегинде кырдаал боюнча суроого жооп берип жатып.

Трамп ошондой Иранга каршы операция учурунда алты америкалык аскер кызматкеринин өлүмүнө кандай жооп кайтарылганы тууралуу суроого жооп берди.

Америка президентинин айтымында, Иранда кургактагы операцияны жүргүзүүнүн кажети жок болушу мүмкүн.

"Биз эбегейсиз чоң зыян келтирип жатабыз. Биз аларга эбегейсиз чоң зыян келтирип жатабыз",- деп баса белгиледи Трамп.

Ал америкалык объекттерге же аймакка мүмкүн болгон кол салуулар жөнүндө тынчсызданбай турганын кошумчалап, "бул согуштун бир бөлүгү, адамдарга жакса да, жакпаса да, ошондой" деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан