Биз социалдык тармакта

Зеленский Ирандагы кырдаалдан улам АКШдан курал алуу кыйындай турганын билдирди

Украина президенти Владимир Зеленский Иранга байланыштуу кырдаалдан улам өлкө курал жана ракета алуу кыйынчылыктарына дуушар болушу мүмкүн экенин билдирди. Ал "Corriere della Sera" гезитине берген маегинде куралдар АКШнын өзүнө керек болорун билдирди.

"Биздин аба мейкиндигибизди коргоо үчүн ракеталарды жана куралдарды алуу кыйын болушу мүмкүн. Анткени куралдар америкалыктарга жана алардын союздаштарына Жакынкы Чыгышта өзүн коргоо үчүн керек болот",- деп айтты Зеленский.

Кыска маегинде Зеленский Израил жана АКШнын Иранга сокку уруусу туура чечим болгонун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан