
Табигый жаратылыштын бүткүл дүйнөлүк күнү. 2013-жылдын 20-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы жапайы фауна жана флора маселеси тууралуу коомчулукка кенен маалымат берүү максатында аталган майрамды негиздеген.
Ошол эле жылы жаратылыштын көп түрдүүлүгүн коргоо тармагындагы маанилүү документ - "Жок болуп кетүү коркунучунда турган жапайы фауна жана флоранын түрлөрү менен соода кылуу тууралуу конвенциянын" 40 жылдыгы белгиленген.
Ал 1973-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Учурда 28 миң өсүмдүк түрү жана 5 миңден ашуун жаныбарлардын түрү коргоо астында турат.
Бул күндүн тарыхы 2017-жылга барып такалат. Бүгүн, 3-мартка карата жылнаама.