Иран лидери Али Хаменеинин өлүмүнө алып келген АКШ менен Израил чабуулунун чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Андагы маалыматка караганда, Хаменеинин өлүмүнө алып келген кол салуу бир нече ай мурда пландаштырылган. Аны Израилдин чалгындоо кызматы бир нече ай бою тыкыр көзөмөлгө алган. Мындан тышкары, алар Тегерандагы байкоочу камераларды бузуп кирип, шаардагы бардык байкоо системин колго алганы айтылды.
Ишемби күнү эртең менен Ирандын жогорку даражалуу чиновниктеринин катышуусунда жолугушуу пландалган. Чалгындоо кызматкерлери муну сокку уруу үчүн "идеалдуу мүмкүнчүлүк" деп баалашкан.
Белгилей кетсек, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Израил менен АКШнын аба соккуларынан улам каза болгон.