Биз социалдык тармакта

Израил армиясы Ливандын түштүгүнө сокку урууда

ЦАХАЛ Ирандагы аскердик аракеттер менен катар Ливандын түштүгүнө да сокку урууда. Бул чабуулдар ливандык "Хезболла" кыймылына каршы багытталганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Аскер өкүлдөрүнүн билдиришинче, израилдик аскерлер чек арага жакын бир нече позицияга жайгаштырылып, өлкөнүн түндүгүндөгү тургундар үчүн кошумча коопсуздук деңгээлин түзүү аракеттери көрүлүүдө. Соккулар "Хезболланын" аскердик инфраструктурасына багытталып, Израил аймагына кирип кетүүлөрдүн алдын алуу максатын көздөйт.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада израилдик соккулардан 52 адам каза болуп, 154 киши жаракат алды. Чабуулдар Жнах кварталына жана Бурдж-эль-Баражнанын чет жакасына жасалганы айтылды. "Хезболла" жооп иретинде бир нече израилдик аскер базасына сокку урганын билдирген, бирок Израил бул маалыматты тастыктаган жок.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ жана Израил Иранга ракеталык сокку урган. Жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына чабуул жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан