Биз социалдык тармакта

АКШ Ирандын 17 аскердик кемесин чөктүргөнүн билдирди

АКШ 17 ирандык аскердик кемени, анын ичинде суу астындагы кемени да чөктүрдү. Бул тууралуу Американын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы Брэдли Купер билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Азыркы учурда биз Ирандын 17 кемесин, анын ичинде эң күчтүү аскердик суу астындагы кемесин жок кылдык. Анын капталында чоң тешик пайда болду. Бүгүн Перс булуңунда, Ормуз кысыгында жана Оман булуңунда бир да ирандык кеме калган жок, жана биз муну менен токтоп калбайбыз",- деп белгилеген ал.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга ракеталык сокку урган. Жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына чабуул жасаган. Эки тараптын бири-бирин аткылоосу уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан