АКШнын Иранга каршы жүргүзүп жаткан операциясына 50 миңден ашуун америкалык аскер кызматкери, ошондой эле 200 истребитель жана эки ири аскердик кеме катышууда. Бул тууралуу 3-мартта АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы адмирал Брэд Купер X социалдык тармагындагы баракчасынан билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, жакынкы убакта аймакка кошумча күчтөр дагы жөнөтүлөт.
Ал эми Израилдин Коргоо армиясы 4-мартта Иранга карата масштабдуу соккулардын жаңы толкунун баштады. Маалыматка ылайык, бул жолку соккулардын буталары - ракета учуруу аянтчалары, абадан коргонуу системдери болду.