Жогорку Кеңеште жол эрежесине арналган маселе каралууда. Депутат Урмат Аманбаева жарандарга жол эрежесин үйрөтүүнү мектептерде, башталгыч класстардан баштоо керектигин айтып чыкты. Депутат мас абалында унаа айдап бара жатып кармалгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратууну да сунуштады. Билим берүү министрлигинин өкүлү "учурда 1-класстан 5-класска чейин мектеп программасынын негизинде жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча сабактар өтүлөт",- деп жооп берди.
Вице-премьер-министр Токон Мамытов 2013-жылы мас абалында унаа айдап жүрүп кармалгандар 20 пайызга өскөнүн айтты.