Ирандын жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу аземи шаршемби күнү кечинде башталып, үч күнгө созулат. Бул тууралуу Ирандын Ислам координациялык кеңешинин башчысы Мохсен Махмуди билдиргенин чет элдик басылмалар билдиришүүдө.
"Түнкү саат 10:00дө Имам Хомейни атындагы намаз аянтында эл аны менен акыркы жолу коштошо алат",- деп айткан Махмуди.
Эске салсак, 28-февралда АКШнын жана Израилдин аба соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Буга байланыштуу өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланган.