Америкалык миллиардер жана Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс америкалык чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейндин иши боюнча көрсөтмө берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, ишкер кечээ, 3-мартта тергөөгө көрсөтмө берген.
Буга чейин Эпштейн тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги тараткан документтерде Билл Гейтстин дагы ысымы аталган. Ал эми ишкер Эпштейн менен байланышы болгонун, бирок анын жасаган кылмыштарына тиешеси жок экенин белгилеп өткөн.
Белгилей кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.