Иран бийлиги каза болгон өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу аземин белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу Тегерандын Ислам пропагандасын координациялоо кеңешинин башчысы Мохсен Махмуди билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, иш-чараны өткөрүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны даярдоо убакытты талап кылууда. Себеби өлкөнүн бардык аймактарынан жарандар аземге катышууга чоң кызыгуу билдиришкен.
“Бул иш-чараны өткөрүү кийинкиге жылдырылды. Шарттар түзүлөрү менен жана даярдыктар аяктагандан кийин, координациялык кеңеш расмий билдирүү жасап, элди коштошууга чакырат”, — деди ал ирандык телеканалдардын бирине берген маегинде.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Тегеран шаары соккуларга дуушар болуп жатканы айтылууда. Бирок аземдин жылдырылышынын негизги себеби катары коопсуздук маселеси расмий түрдө аталган жок.