Иран Ислам Республикасы АКШнын ЦРУга сүйлөшүүгө даярдыгы тууралуу сигнал жөнөттү деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу 4-мартта Tasnim агенттигине Ирандын Маалымат министрлигинин булагы билдирген.
Булак билдиргендей, “Иран Маалымат министрлиги ЦРУ менен согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин жарыялады” деген кабар толугу менен жалган жана согуш учурундагы психологиялык операция экен.
Иран өкүлү белгилегендей, өлкө өзүнө кол салган тараптарга тыкан жооп берүүдө жана мындай фейк кабарлар америкалык тараптын аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу “алсыздык сезимин” көрсөтөт.
Мурдараак The New York Times гезити ЦРУга Ирандан сүйлөшүүгө даярдыгы тууралуу кабар түшкөнүн жазган, бирок америкалык расмий өкүлдөр бул маалыматка скептикалык мамиле жасашкан. Ошондой эле Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Али Бахрейни Израил-АКШ күчтөрүнүн аскердик агрессиясы атомдук келишим боюнча диалогду токтотууга негиз болгонун билдирген.