Асылбек Жээнбеков Аппарат кызматкерлерине: “Жыйында жок депутаттардын компьютерин өчүрбөсөңөр, иштен айдаласыңар”

Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-январда бир катар мыйзамдарга добуш берилди. Добуш берүүдө жок депутаттардын атынан каттоодон өткөндөр болду. Төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын Аппарат кызматкерлерине жыйында жок депутаттардын компьютерин өчүрүүнү тапшырды. Экинчи жолу каттоодо да ушундай көрүнүш кайталанды. Мындан кийин төрага Аппарат кызматкерлерине кызууланды.

“Жок депутаттардын компьютерлерин өчүрбөсөңөр, жумуштан кетесиңер, ачык эле айтайын”,- деди төрага. Ушундан кийин туура каттоо жүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан