Израил Иран менен бир нече жумалык согушка даярданууда.
Financial Times басылманын израилдик булактарынын маалыматы боюнча, Израил Иранга каршы көп жумалык аскердик өнөктүккө даярданып жатат. Анын максаты - Иран режиминин негизги тиректерин, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусун, ядролук жана аскердик объекттерди талкалоо.
Ошол эле учурда, аналитиктер 180 миң кишиден турган Ислам революциясынын сакчылар корпусун жок кылуу мүмкүнбү жана режимди кантип кулатуу мүмкүн деген суроону коюп жатышат.