АКШ жана Израил Ирандын Санандаж шаарындагы IRIB телерадио корпорациясынын штаб-квартирасы жайгашкан аймакка чабуул жасады. Сокку мамлекеттик телерадио уюмунун имаратына тийгенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Tasnim News Agency агенттиги 4-мартта Израил Бокан шаарындагы административдик имаратка сокку урганын кабарлаган. Чабуулдун натыйжасында жүздөгөн адамдар жаракат алган, алардын арасында аялдар, жаштар жана балдар бар.
Ошол эле күнү Israel Defense Forces Ирандын батыш жана борбордук бөлүктөрүндөгү объекттерге ири масштабдагы соккулар жүргүзлгөнүн билдирди. Натыйжада баллистикалык ракета комплексине тиешелүү ондогон инфраструктуралык объекттер, анын ичинде ракета учуруучу түзүлүштөр жана абадан коргонуу системдери жок кылынганы айтылды.
Эскерте кетсек, АКШ менен Израил 28-февралдан бери Иранга каршы кеңири масштабдагы аскердик операция жүргүзүп келет.