Биз социалдык тармакта

АКШнын Иранга кол салуусу Кытайды мунайсыз калтырды

Венесуэлага кол салуусу жана Иранга каршы аскердик операциясы менен АКШ Кытайга мунай жеткирүүнү татаалдаштырды. Бул тууралуу Politico маалымат агенттиги Kpler аналитикалык компаниясынын маалыматтарына таянып жазды.

"Өткөн жылы Ирандын мунайынын дээрлик бардыгы жана Венесуэланын мунайынын жарымынан көбү Кытайга кеткен. Эки өлкө биргелешип Кытайдын мунай импортунун болжол менен 17 пайызын түзгөн. Кытай 2026-жылдан баштап Ирандан импорттоону азайта баштады",- деп айтылат макалада.

Басылманын маалыматы боюнча, Кытайдын жалпы мунай импортунун болжол менен жарымы соода үзгүлтүккө учураган өлкөлөрдөн келген. Иран менен Венесуэладан тышкары, алардын катарында Иран мурда жаба турганын жарыялаган Ормуз кысыгы менен байланышкан дагы беш Кытай өнөктөш өлкөсү бар.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясынан кийин Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшүнө тыюу салды. Иран стратегиялык суу жолунан өтүүгө аракет кылган ар кандай кемелерди жок кыларын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан