Москва Европа рыногуна газ жеткирүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотуп, көгүлтүр отунду башка сатып алуучуларга багытташы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 4-мартта журналист Павел Зарубинге берген маегинде билдирди.
Орусия лидери Ормуз кысыгынын жабылышынан улам башка рыноктор ачылып жатканын белгилеген.
"Балким, азыр Европа рыногуна жеткирүүнү токтотуу биз үчүн пайдалуураак болоттур? Ачылып жаткан рынокторго кирип, ал жерде өз ордубузду табуу үчүн",- деген Путин.
Айта кетсек, Европа биримдиги 2027-жылдын 1-ноябрына чейин орусиялык газ жеткирүүгө толугу менен тыюу салган. Чечим Венгрия менен Словакиянын каршылыгына карабастан көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Тыюу түтүккө да, суюлтулган жаратылыш газына да тиешелүү.
Суюлтулган жаратылыш газынын импорту 2026-жылдын аягына чейин, ал эми түтүк аркылуу жеткирүү 2027-жылдын 30-сентябрына чейин токтотулушу керек. Бирок, эгерде ЕБ өлкөлөрү газ сактоочу жайларды толтурууда кыйынчылыктарга туш болсо, бул мөөнөт 2027-жылдын 1-ноябрына чейин узартылышы мүмкүн. Андан тышкары, Орусия менен жаңы газ келишимдерине тыюу салуу каралууда.