Биз социалдык тармакта

АКШ Сенатындагы окуя... Согушка каршы чыккан ардагерди залдан күчтөп чыгарышты

АКШнын деңиз аскерлер корпусунун ардагери Ирандагы аскердик аракеттерге каршы сүйлөгөндөн кийин парламентинин жогорку палатасындагы жыйын залынан күч менен чыгарылды. Бул тууралуу 4-мартта Washington Examiner журналы жазды.

"Аскердик форма кийген Брайан МакГиннис бир нече америкалык генералдын, Бириккен күчтөрдүн учурдагы даярдыгы боюнча комитет берген көрсөтмөлөргө каршы чыгып, “эч кимдин Израил үчүн согушкусу келбейт” деп кыйкырды. Ошол учурда офицерлер аны күч менен эшикке чыгарып кетишти",- деп айтылат макалада.

Маалыматка ылайык, сенаторлордун бири полицияга ардагерди залдан чыгарып кетүүгө жардам берген. Ошол учурда МакГиннис эшикти колу менен кармап алгандыктан, анын колу сынып кеткен.

Белгилүү болгондой, МакГиннис Түндүк Каролина штатында "Жашылдар" партиясынан сенаттыкка талапкер болуп катышкан.

Ошондой эле 4-мартта CNN телеканалы АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчилери согуштун уланып кетишине тынчсыздануусун билдирип жатканын кабарлады. Алар президентти Иранга каршы кампания боюнча жакын арада “жеңиш жарыялоого” ынандырууга аракет кылып жатышканы белгиленген. Макалада операцияны улантуу чоң саясий тобокелдиктерди жаратары да баса белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан