Ирандын Түркиядагы элчиси Түркиянын аба мейкиндигинде атып түшүрүлгөн ракетага байланыштуу окуядан кийин Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, Анкаранын позициясы ирандык дипломатка окуя боюнча тынчсыздануулар менен бирге түшүндүрүлгөн.
Мурда Түркиянын Коргоо министрлиги Ирандан учурулган деп болжолдонгон баллистикалык ракета Түркиянын аба мейкиндигинде жок кылынганын жарыялаган. Министрликтин билдирүүсүндө Түркия өлкөгө каршы душмандык аракеттер болгон учурда жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырары баса белгиленген.
Кийинчерээк Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөшүп, экөө атып түшүрүлгөн ракета окуясын талкуулашкан.
Түркия Жакынкы Чыгыштагы күчөп бараткан жаңжал учурунда чабуулга кабылган биринчи НАТО өлкөсү болду.