Ирандын президенти Масуд Пезешкиан аймактагы буталарга сокку урулгандан кийин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылды.
"Урматтуу дос жана коңшу өлкөлөрдүн лидерлери, биз сиздердин жардамыңыздар менен жана дипломатиялык жолдор менен согуштан качууга аракет кылдык, бирок америкалык-сионисттик аскердик чабуул бизге өзүбүздү коргоодон башка арга калтырган жок.
Биз сиздердин эгемендүүлүгүңүздөрдү сыйлайбыз жана аймактагы тынчтыкты аймактын өлкөлөрү камсыз кылышы керек деп эсептейбиз",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин чет элдик маалымат каражаттары АКШ кырдаалдын курчушунан жабыркаган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн Иранга сокку урууга кошулууга көндүрүүгө аракет кылып жатканы тууралуу кабарлашкан. Ошондой эле Перс булуңундагы өлкөлөр азыр чыр-чатактын тез арада басаңдашына жана аскердик операциянын токтотулушуна үмүттөнүп жатканы белгиленген.