Тегеран мурда Ирандын маркум жогорку лидери Али Хаменеи жана жогорку командачылык тарабынан иштелип чыккан аскердик планды ишке ашыра баштады. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жеке булагына шилтеме берип билдирди.
Басылманын маалыматы боюнча, Хаменеи жана анын шериктери бул планды 2025-жылдын июнь айында Израилдин Иранга каршы 12 күндүк согушунан кийин даярдай башташкан. План АКШ менен Израилди чабуулдарын токтотууга кысым көрсөтүүгө багытталган деп айтылууда. Андан тышкары, планга энергетикалык объекттерге сокку уруу жана аймактагы аба каттамдарын үзгүлтүккө учурата турган соккулар кирген деп болжолдонууда.