Биз социалдык тармакта

Иракта толугу менен өчкөн электр энергиясы калыбына келе баштады (видео)

Кечээ, 4-мартта Иракта толугу менен электр энергиясы өчүп калды. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткандыгын чет элдик басылмалар билдиришти.

Өлкөнүн Энергетика министрлиги масштабдуу өчүрүүнүн себеби - Басра провинциясында жайгашкан Румейла электр станциясына керектүү газ көлөмүнүн күтүүсүз азайышынан улам чыккан техникалык мүчүлүштүк экенин белгиледи. Бул станция Ирактын энергетикалык системиндеги негизги объекттердин бири болуп эсептелет. Натыйжада кубаттуулук 1900 мегаваттка кескин төмөндөп, электр энергиясы өчүрүлгөн.

Социалдык тармактарга күбөлөр жарыялаган видеолорго караганда, айрым үйлөрдө электр жарыгы бар болгону менен, көчөлөрдөгү жарыктандыруу толугу менен өчүрүлгөн.

Кийинчерээк Ирактын Электр энергетика министрлиги өлкөнүн борбордук провинцияларындагы электр станцияларынын иши калыбына келтирилгенин жарыялады. Өлкөнүн түндүгүндөгү Ниневия, Киркук жана Салах-эд-Дин провинцияларында өндүрүш кубаттуулуктары кайра ишке киргизилгени кошумчаланды. Мындан тышкары, Ди-Кар парогаз электр станциясында биринчи жана төртүнчү энергоблоктор ийгиликтүү кайра ишке киргизилгени маалымдалды. Калган кубаттуулуктарды калыбына келтирүү иштери уланууда.

Ирактын маалымат агенттиги билдиргендей, акыркы убактарда Иран тарабынан бир нече жолу кол салууга кабылган электр станцияларында жана электр өткөрүү линияларында калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Иракта толугу менен өчкөн электр энергиясы калыбына келе баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан