Иран өлкөдө бийлик алмаштырууга аракет жасалса, Израилдин Димона шаарындагы атомдук реакторуна сокку уруларын эскертти. Бул тууралуу 5-мартта Ирандын ISNA агенттиги Telegram-каналында аскердик булакка шилтеме берүү менен
маалымдады.
"Иран аскер кызматкери эскертти: эгер АКШ жана Израил Иранда бийликти алмаштырууга аракет кылса, Тегеран басып алынган аймакта Димона шаарындагы ядролук реакторго сокку урат",- деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, АКШ менен Израил 28-февралда Иранга каршы аскердик операция башташкан.