Биз социалдык тармакта

Иранда 120 сааттан бери интернет дээрлик өчүк экени айтылды 

Соңку кырдаалга байланыштуу Иранда 120 сааттан бери интернет дээрлик өчүк. Бул тууралуу NetBlocks эл аралык интернет мониторинг кызматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Иран 120 сааттан ашык убакыттан бери интернеттен ажыратылды",- деп жазган аталган кызмат Х социалдык тармактагы баракчасына.

Буга чейин аталган кызмат Иранда 72 саттан бери интернет өчүк экенин кабарлаган.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.

1-мартта Израилдин соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болду. Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланып, убактылуу жетекчилик кеңеши түзүлдү. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хаменейдин өлүмү үчүн өч алууну убада кылды. Учурда Жакынкы Чыгышта кырдаал курч бойдон калууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан